Марал Радиосу

Суракматов: Борбор катары башкаларга үлгү болушубуз керек

Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктады. Анда ал жаңы жыл майрамы ийгиликтердин башаты экендигин баса белгилеп, биримдик, ынтымак каалады.

-Алдыда шаардыктарга иштей турган пландар, максаттар бар. Аларды ынтымак жана биримдик менен аткара алабыз. Сүйүктүү Бишкегибизди жакшы жакка өзгөртүүгө багыт алып жатабыз. Өлкөбүздүн борбору катары башкаларга үлгү болушубуз керек, — деди калаа башчысы.

Кошумчалай кетсек, Бишкектеги Ала-Тоо аянтында Нооруз майрамына карата концерттик программа өтүүдө.