Марал Радиосу

Түркмөнстанда Ноорузга карата 2000 миңдей жаранга ырайым берилди

Түркмөнстандын президенти  Гурбангулы Бердымухамедов кечээ, 20-мартта Нооруз майрамына карата 2028 соттолгон жаранга кечирим берүү боюнча жарлыкка кол койду. Бул тууралуу Түркмөнстандын Мамлекеттик маалымат агенттиги билдирди.

Мамлекет башчысы Башкы прокурор Батыр Атдаевге ырайым кылынган жарандарды жакынкы убакытта бошотууну, облус жана райондун жетекчилерине жумуш менен камсыз кылууну тапшырды.

Turkmen.news сайты жарыялагандай эркиндикке негизинен адам өлүмүнө күнөлүү болгондор жана соттор тарабынан каржылык доо жүктөлгөн жарандарга ырайым кылынган.