Марал Радиосу

Нооруз: Төрага элди куттуктап, эмгектенүүгө үндөдү

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков Бишкектин Ала-Тоо аянтында сөз сүйлөп, кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктады. Анда элге жакшылыктарды, өлкөгө өнүгүү каалады.

-Бул жыл өлкөбүздүн өнүгүүсү үчүн маанилүү. Президентибиз Сооронбай Жээнбековдун демилгеси менен быйыл “Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы” деп жарыяланган. Мындай жооптуу мезгилде элге ынтымак жана билимдик керек, -деди төрага.

Андан тышкары элди эмгектенүүгө үндөп, мамлекет үчүн салым кошууга чакырды.