Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча эки тараптуу протоколго 18-мартта кол коюлду. Эки эл каттаган жол 5 күндөй жабык турду. Парламент бул маселени 3-апрелде карай турган болду. Ошол эле учурда протокол кабыл алынганы менен иш жүзүндө жыйынтык болбой жатканын айткандар да болууда. Бул тема алкагында чек ара маселелери боюнча эксперт Саламат Аламанов “Күн чекит” программасына маек курду.
Марал: Айрым маалымат булактары чек ара маселесин чечүү боюнча протокол ачык жарыяланбай жатканын жазышууда. Сиз кандай ойдосуз, бул жерде бир жашыруун сыр барбы?
Саламат Аламанов: Менин оюмча жашыруун сыр жок. Протоколдун мазмунун вице-премьер-министр Жеңиш Разаков айтып берип жатат да. Парламент депутаттары талап кылып жаткандан кийин жарыялап деле коюшу мүмкүн окшойт. Негизи азыркыдай кырдаалда жабык протокол, муну айтууга болбойт дегенден алыс болуш керек. Себеби бул маселеге жалаң эле депутаттар кызыктар эмес. Жалпы эл чек ара маселеси кандай чечилет экен деп карап турушат. Протоколдун мазмуну биринчи иретте ушул элге керек. Депутаттар өз вазыйпасын аткарып, маселе көтөргөнү менен алар Бишкекте жашайт. Жалпы саясий көз карашта мамиле кылышат, а жашоонун баары тигил жакта. Протокол деген мындан ары эки эл ортосундагы кайра чыр чыкпай тургандай мазмунда болуп, элге түшүндүрүлүшү керек.
Марал: Делегация чек ара маселесин чечүүнүн жолдорун кандай көрүп жатат негизи?
Саламат Аламанов: Бул жолго байланыштуу маселе кандай болуп чыгып кеткени мага түшүнүксүз болуп жатат. Себеби ал жол биздин эл салып жаткан чарбалык керектөөбүзгө арналган жол. Анан эле кошуналарыбызга туура эмес маалымат берип, көчөгө чыгарып, биздин элге каршы чыгарып жаткан күчтөр бар деп болжосок болот. Чек ара, жер маселеси дайым эле элдин бүйүрүн кызытып коет.
Марал: Сиз кызматта турганда чек ара маселеси боюнча жооптуу элеңиз. Анда ушундай маселе чыкканда эки тараптуу сүйлөшүүлөр кандай жүрүп, маселе кандай чечилчү эле?
Саламат Аламанов: Бул жол тууралуу кыргыз-тажик эли арасында маселе жок болчу. Бирок чек арага чектеш аймактар ар дайым татаал сүйлөшүүлөрдүн негизинде чечилет. Ага эки тарап тең олуттуу мамиле кылып, алдын ала сунуштарын даярдап анан жолугушу керек. Ынанымдуу позициясын айпай, талаш формасында сүйлөшүү өтсө анда жыйынтык чыкпайт. Талаштуу жерлердин сапатын, аянтын эсептеп, салмактап, эки тарапка тең пайдалуу чечим чыгаруу керек.
Азыр чек ара маселесин чечүүдө кыргыз тарап дайыма делимитация кылууну сунуштайт, кошуналар макул болбойт экен деген сөздөр айтылып жатат. Бирок баарыбыз билгендей эле кошуна тарап да талаш жерлерди тактоону каалайт, болгону бири-бирине күнөөнү оодарып коймой болуп жатат деп түшүнүп жатам. Алгылыктуу, жүйөлөнгөн сүйлөшүүлөр жүрбөй жатат.
Анан вице-премьер министрлерди алмаштыруудан эч нерсе өзгөрбөйт. Азыр Разаковду алса анын ордуна башка келет, бирок алар адис эмес, саясий фигура катары сүйлөшүү жүргүзөт, реалдуу чек аранын сызыгын издөө делегациядагы адистердин жумушу.
Марал: Чек ара маселесин элди алмаштыруу жолу менен да чечсе болот деген пикирлер айтылып жатат, сиз буга кандай дейсиз?
Саламат Аламанов: Болбойт. Эл өзү жашаган жерде отурукташуусу керек. Бирок чек арага чектеш аймактарда эл жыш жашайт деп айтылып жатканы туура. Ошентсе да элди көчүрүү оор маселе. Аны элдин өзү менен сүйлөшүү керек.