Марал Радиосу

Азамат Исраилов ИИМдин Жол коопсуздугу боюнча башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалды

Азамат Исраилов Ички иштер министирлигинин Жол коопсуздугу боюнча башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган башкармалыктын маалымат кызматы билдирди.

Милициянын подполковниги Азамат Исраилов 1973-жылы 30 ноябрда Ысык-Көл облусунун Түп районунда төрөлүп, Ички иштер министирлигинин академиясынын юриспруденция бөлүмүн бүтүргөн.

Кызматтык ишин 1999-жылы Ысык-Көл облусунда баштаган.

Буга чейин МАИ кызматкерлеринин бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенген.

Кошумчалай кетсек, мурдагы жетекчи Канат Жумагазиев Бишкек шаардык Жол коопсуздугу боюнча башкармалыгынын жетекчиси болуп февраль айында дайындалган.