Биз менен байланышыңыз

Чет мамлекеттердеги дипломаттарды кошумча аккредитациялоо жөнүндө жарлыкка кол коюлду

Кыска кабар | 20 Мар 2019 | 467 | 0

Кыргызстандын чет мамлекеттердеги дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн башчыларын кошумча аккредитациялоо жөнүндө Жарлыкка Президент Сооронбай Жээнбеков кол коюлду. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалымат кызматынан кабарлашты.

“Мамлекеттик органдардын Кыргызстандын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө”  Мыйзамынын 4-беренесин жетекчиликке алып, төмөндөгүдөй токтом кылынды:

-Кыргызстандын чет мамлекеттердеги дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн башчыларын кошумча аккредитациялоо тизмеси тиркемеге ылайык бекитилсин.

-Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги ушул Жарлыктын кабыл алынышына байланыштуу чет мамлекеттердеги дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн башчыларын кошумча аккредитациялоо боюнча сунуштарды киргизсин.

Жарлык расмий жарыялангандан баштап он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Copyright © 2017 Maral FM