Марал Радиосу

Ажыгулов: Кызды ала качкандар 220 миң сомго чейин айып төлөйт

Жаңы мыйзамдарга ылайык, 18 жашка чыга элек кызды мажбурдуу түрдө ала качып кеткен жаран жети жарым жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратылат. Мындан сырткары 180-220 миң сом өлчөмүндө айып пул төлөйт. Ал каражаттар мамлекеттин эсебине түшөт. Бул тууралуу Ички иштер министрлигине караштуу академиянын Кылмыш-жаза укугу жана кылмыштардын алдын алуу кафедрасынын ага окутуучусу Мирбек Ажыгулов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, жашы жете элек өспүрүмдөргө жана жарандардын каалоосуна каршы нике кыйган диний кызматкерлер дагы жоопко тартылат.

«Кыз ала качуу билинбей калган мүнөздөгү кылмыштарга кирет. Бул факты боюнча укук коргоо органдарына кайрылгандардын саны аз. Эски мыйзамда кыз ала качууну жөнгө салган 2 гана берене болсо, азыр 3 берене бар. Мен кыз ала качуунун жазасы күчөтүлдү деп айта албайм. Себеби жазанын астыңкы чеги гана көтөрүлдү», — дейт Ажыгулов.