Марал Радиосу

Кыргыз-казак чегинде жүк ташуучу унаа тыгыны узарууда

Кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек-автодорожный” өткөрүү бекетинде жүк ташуучу унаа тыгыны узарууда. Буга казак тараптан транспортторду текшерүү көп убакытты алганы себеп болгон. Бул тууралуу Кыргызстандын Чек ара кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, казак тарап саатына болгон 5-6 унааны өткөрүп жатат. Мындан улам өткөрүү пунктунда кезекте турган жүк ташуучу унаалардын саны 80-90го жеткен.

Кыргыз-казак чегиндеги башка өткөрүү пункттарында мындай унаа тыгындары байкалган эмес.

Чек арада көзөмөлүнөн өтүүдө кыргыз тараптан эч кандай чектөөлөр жок экенин Кыргызстандын чек ара кызматы кошумчалайт.