Марал Радиосу

Ташиев: Чек арада жашаган эл бийликке ишенбейт

Экс-депутат жана коомдук ишмер Камчыбек Ташиев Баткен чек арасындагы кырдаал боюнча маалымат жыйынын өткөрүп, анда эки нерсеге өзгөчө көңүл бурганын билдирди.

«Биринчиси, Ак-Сай жана Көк-Таш айылдарындагы чек ара тилкесиндеги элдердин өтө оор жашоо шарты. Мындан биз бийлик тарабынан унутта калганын айтсак болот. Адам жашоосуна ылайыкташкан инфраструктура жок. Бийлик биринчи кезекте ал жердеги элдердин социалдык турмушун көтөрүүгө аракет кылыш керек. Ал жердеги элдерди салыктардан бошотуп, атайын жумуш орундарны түзүп, чек арада жашаган элди кармап калууга болот. Экинчиси, ошол чек арада жашаган элдин бийликке ишенбөөчүлүгү. Кайсы айылдын эли менен жоолукпайын алар ачык эле бийликтин өкүлдөрүнө ишенбөөчүлүктөрүн билдиришти,» -деди Камчибек Ташиев .

Мындан сырткары Ташиев чек ара аймагында социалдык объектилердин жана жолдордун абалы өтө начар экендигин кошумчалады.