Марал Радиосу

Якутиядагы окуя боюнча ички иштер министрлиги үн катты

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги Орусиянын Якутия аймагында кыргызстандык мигранттар менен жергиликтүү элдин ортосундагы окуяга байланыштуу билдирүү таратты.

Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы бүгүн кабарлады.

Буга чейин соцтармактарда Якутск шаарында (Саха Республикасы) жасалган зордуктоо фактысы жөнүндө маалымат тарап, ага шектүү Кыргызстандын жараны экендиги көрсөтүлгөн. Бул окуя жергиликтүү коомчулуктун толкундоосун жараткан.

2019-жылдын 17-март күнү балдар аянтчасынан уурдалып кеткен Якутск шаарынын жашоочусу зордуктоого алынып, аймактык укук коргоо органдарына кайрылган. Шаардык тергөө комитети тарабынан жергиликтүү жашоочуну уурдоо жана зордуктоо фактысы боюнча кылмыш иши козголгон. Укук коргоо органдары тарабынан жүргүзүлгөн тиешелүү иш-чаралардын натыйжасында шектүүнүн өздүгү такталып, кармалган. Ал Кыргызстандын тургуну болуп чыккан. Мыйзамсыз иш-аракеттерди жасоого дагы эки жаран шектелүүдө. Азыркы учурда жогорудагы факты боюнча тергөө амалдары жүрүүдө. Ошондой эле, Якутиянын аймагында Кыргызстандан келген мигранттар тарабынан жасалган мыйзамсыз иш-аракеттер бар экендигин ИИМ белгилейт.

2019-жылдын 17-март күнү аялга карата зомбулук фактысы боюнча нааразычылыктарын билдирген Якутск шаарында жергиликтүү жашоочулардын катышуусу менен митинг өткөн. Мындан улам түзүлгөн кырдаалды чечүү жана анын курчушун алдын алуу максатында Якутиядагы кыргыз диаспорасынын суранычы менен жакынкы күндөрү Якутск шаарына Мамлекеттик миграция кызматынын, КРнын РФдагы Элчилигинин жана  ИИМдин Орусиядагы Өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери барганы жатышат.

Орусиядагы Кыргызстандын элчилиги биздин мекендештерди кайсы өлкөгө барышпасын, ошол өлкөнүн мыйзамсын сыйлоого жана аткарууга, коомдук жайларда жүрүм-турумдун этикалык нормаларын сактоого чакырып келет.