Биз менен байланышыңыз

Тажикстан Ак-Сайды айланып өтүүчү жаңы жол курат

Кыска кабар | 18 Мар 2019 | 3088 | 1

Ворухтун жашоочуларына Ак-Сай айылын айланып өтүүчү жаңы жол курулат. Бул тууралуу Тажикстандын Asia-Plus медиасы билдири.

Анда кыргыз-тажик чек арасындагы абалды жөнгө салуу боюнча протоколго кол коюлганын, бирок жаңы макулдашууда эмнелер жазылганы айтылбагандыгы жазылган.

Ошондой эле 2014-жылдагы келишим боюнча, Аксай –Тамдык жолунун куруу мындан ары улантылып, бирок кыргызстандык жарандар мал айдап өтүү үчүн гана колдоно тургандыгы айтылат. Ал эми Ворух жана Ходжа Аълонун ортосуна асфальт төшөлгөн унаа жолу курулуп, Ак-Сай айылына кирбей айылды айланып өтө турганы жазылган.

Эске салсак, 13-март күнү Баткендин кыргыз-тажик чек арасында жаңжал чыгып, жолдор жабылган болчу. Бул маселени чечүү үчүн бүгүн, 18-мартта кыргыз-тажик чек арасындагы абалды жөнгө салуу боюнча протоколго кол коюлган.

Copyright © 2017 Maral FM