Марал Радиосу

Адвокаттык лицензия алуучуларга экзамендик суроолор жаңыртылды

Юстиция министрлигинин буйругу менен адвокаттык иш жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкерлер үчүн экзамендик суроолордун жаңы тизмеси бекитилди. Бул тууралуу Юстиция министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Белгилеп кетсек, суроолордун тизмеси соттук-укуктук реформанын алкагында кабыл алынгана жаңы кодекстер менен мыйзамдардын 2019-жылдын 1-январынан баштап күчүнө киргенине байланыштуу жаңыртылды.

Бул буйрук, Юстиция министрлигинин алдындагы Адвокаттык иштин маселелери боюнча квалификациялык комиссия жөнүндө жобонун 6-пунктунун негизинде чыгарылды.