Марал Радиосу

Чечилди. Кыргыз-тажик чек арасындагы жолдор ачылат

Кыргыз-тажик чек арасындагы абалды жөнгө салуу боюнча протоколго кол коюлду. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.

Ага ылайык, документке вице-премьер-министр Жеңиш Разаков менен Тажикстандын премьер-министринин орун басары Азиз Иброхим кол койгон.

Протоколго ылайык, Көк-Таш – Ак-Сай – Тамдык жолун куруу улантылып, жабылган жолдор ачыла турган болду. Кыргызстан жана Тажикстандын кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалдын кесепеттерин иликтөө боюнча биргелешкен териштирүү тобунун иши улантылат.

Кошумчалай кетсек, 13-март күнү Баткендин кыргыз-тажик чек арасында жаңжал чыгып, жолдор жабылган болчу.