Биз менен байланышыңыз

Түркияда ок чыгаруудан жабыр тарткан аялдын абалы туруктуу

Кыска кабар | 18 Мар 2019 | 474 | 0

Түркияда ок чыгаруудан жабыр тарткан Кыргызстандын жараны ооруканага жеткирилип, операция жасалды. Учурдагы абалы туруктуу. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызмтынан кабарлашты.

Башкы консулдук бул окуяны өз көзөмөлүнө алууда.

Учурда бул окуяга байланыштуу Түркиянын полициясы иликтөө иштерин жүргүзүүдө.

Кошумчалай кетсек, Түркиянын Измир шаарында белгисиз адам Түркиянын жараны болгон Арман аттуу адамдын унаасына ок чыгарган. Октон унаанын арт тарабында отурган Кыргызстандын Э.Т. аттуу 29 жаштагы жараны жаракат алгандыгын Haberler.com сайты билдирди.

 

Copyright © 2017 Maral FM