Марал Радиосу

“Жанжаза” романы казак тилинде жарык көрдү

Жазуучу Султан Раевдин “Жанжаза” романы казак тилине которулуп, Астана шаарында басылып чыкты. Бул тууралуу “Кыргызстандын жаңы адабияты” долбоорунун редактору Олег Бондаренко билдирди. Анын айтымында, Астанада китептин бет ачары май айында өтөт.

“С.Раевдин романын Астанадагы “Түрк академиясы” басып чыгарган. Ошол эле уюм аталган чыгарманы түрк дүйнөсүндөнү эң мыкты романдардын бири деп атаган”,-деп айтылат билдирүүдө.

Бондаренко билдиргендей, аталган чыгарма 2014-жылы “Жылдын романы” аталган. 2016-жылда болсо Лондондо басылып, 2017-жылы Анкарада түрк тилинде чыккан.

400 беттен турган “Жанжаза” романы алгачкы жолу 2016-жылы Бишкекте кыргыз тилинде басылып чыккан.