Марал Радиосу

Бишкекте жылуулук берүү токтотулат

Бишкек шаарында 19-марттан тарта жылуулук берүү өчүрүлө баштайт. Мындай чечим бүгүн, 18-мартта күзгү-кышкы мезгилге даярдык көрүү үчүн түзүлгөн ыкчам-штабдын Жылуулук Электр Борборунда (ЖЭБ) өткөн жыйынында кабыл алынды.

Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Маалыматка караганда, сырттагы аба ырайы беш сутка бою +8 градустан жогору болгондо жылуулук берүү токтотулат.

Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматовдун буга байланышкан буйругу чыгаарын мэриянын маалымат кызматы билдирет.