Марал Радиосу

18-мартка карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча Кыргызстандын тоолуу райондорунда, тоолуу жолдордо кар көчкү түшүшү мүмкүн. Жолдорго муз тоңуп жолдор тайгак болот. Автоунаалардын ортосундагы аралык 500 метр болушу зарыл. Кыргызстандын аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +3…+8….күндүз +17…+22,

Талас облусунда түнкүсүн -1…+6….күндүз +17…+22,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…+4….күндүз +10…+15,

Ошто, Баткенде, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +4…+9….күндүз +19…+24,

Нарын облусунда түнкүсүн -1…-6…..күндүз +4…+9,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -15…-20 градус суук, күндүз 2…+3 градус болот.

18-мартта Бишкекте жаан-чачын болбойт. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы күндүзү +20…+22  түнкүсүн +6…+8°.