Марал Радиосу

Аксы окуясына 17 жыл

Бүгүн, 17-мартта Бишкекте Аксы окуясынын 17 жылдыгын белгилөө иш-чарасы өтүп жатат. Борбордук аянтка 500гө жакын эл чогулду. Ага премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин да катышары күтүлүүдө.

Иш-чарага Аксы окуясында каза болгон жарандардын жакындары, коомдук жана мамлекеттик ишмерлер катышууда.

Ал эми мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков Аксынын Боспиек айылында өтө турган эскерүү иш-чарасына катышмакчы.

Ошондой эле Кыргызстан социал-демократтар партиясы да борбор калаада “Форум” имаратынын алдында да уюштурат. Ага экс-президент Алмазбек Атамбаев да катыша тургандыгын партиядан маалымдашкан.

Эске салсак, Аксы окуясы Үзөңгү-Кууштун Кытайга сатылып кеткенине нааразылыктан чыккан окуя катары сыпатталат. 2002-жылы 5-январда ошондогу Жогорку Кеңештин депутаты, президентке импичмент жарыялоо ниетин билдирген Азимбек Бекназаров камакка алынган. Аны бошотуу, жерди кайтарып алуу талаптары коюлган нааразылыктар кан төгүүгө алып келген. 17-мартта куралсыз демонстранттарга тартип коргоо органдары ок чыгарган. Алты киши мерт кетип, кийин аларды колдоп ачкачылыкка чыккан дагы бир жаран көз жумган.