Марал Радиосу

Дааватчыларды каралаган маалыматтар жалган болуп чыкты

Буга чейин whatsapp аркылуу Баткендин Кадамжай районунун Майдан айыл аймагындагы Кереге-Таш айылында сакалчан адам жаш балдарга таттууларды берип, көк түстөгү унаасына салды деген маалымат тараган. Анда дааватчымын деп бир-эки сакалчан айылдагы балдарды кубалаган, деп билдирилген. Ошондой эле, сакалчандардан этият болууга чакырыктар айтылган. Бул боюнча милицияга да кабар жеткен.

Баткен облустук милициясы окуя боюнча ыкчам териштирүү жүргүзүп, алар мыйзамдуу жол менен даават кылып жүргөн мусулман жарандар болгону аныкталган. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгы расмий түрдө билдирүү таратканын мекеменин маалымат катчысы Дамира Юсупова кабарлады.

“Мындай маалымат алынган соң, Үч-Коргон айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери аталган жерге барышып, дааватчыларды текшерген учурда, алар уруксат кагаздардын негизинде мыйзамдуу даваат кылып жүргөндүгү, Пум айылында айыл аксакалы тааныш болгондуктан, аксакалдан кабар алып анын неберелерине деп балмуздак алышып алгандыгы такталды. Айыл аксакалынын ошол убакта үйүндө эч ким болбогондуктан балмуздакты жолдо ойноп жаткан жаш балдарга беришкен. Бул маалымат Кадамжай РИИБнин маалыматтардын электрондук журналына катталып, толугу менен текшерилип, кылмыш курамы жок болгондуктан номенклатуралык делого тиркелген”, — деп айтылат милициянын билдирүүсүндө.