Марал Радиосу

Жаңы Зеландиядагы окуядан кийин мусулмандарды колдогондор чыгууда

Жаңы Зеландиядагы окуяга байланыштуу ар кандай акциялар менен мусулмандарды колдогондор чыгып жатышат. Мындай көрүнүш бүгүн Англиянын Лондон шаарында болгонун Теймур Самедов аттуу фейсбук колдонуучу өзүнүн баракчасы аркылуу билдирди.

Анын билдирүүсүндө, шаардагы мечиттердин биринде “Менин досторум, силер сыйынып жатканда, мен силерди калкалап турам” деген жазуусу бар плакатты мойнуна асып алып, мусулман эмес карапайым шаар тургундары мечиттин каалгасынын кире бериш жеринде турганын көрүүгө болот.

Бул постту көптөгөн жарандар бөлүшкөн. Ошондой эле англиялыктардын мындай аракетине ыраазы болгон комментарийлер жазылган.