Биз менен байланышыңыз

Өмүралиев: Дубайда баңгизат сатып кармалган кыргызстандыкты коргоп калганбыз

Кыска кабар | 16 Мар 2019 | 492 | 0

Бириккен Араб эмирлигинде жүргөн кыргызстандыктардын 95 пайызы өз алдынча иштөө үчүн баргандар. Мындай маалыматты Кыргызстандын Түркияга жаңы дайындалган элчиси Кубанычбек Өмүралиев “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Ал Бириккен Араб Эмирлигиндеги Кыргызстандын башкы консулу болуп барганда эки өлкө ортосунда бир эле келишим болгонун айтты. Ал да бири-бирин көз карандысыз өлкө катары таануу боюнча документ болгон. Кызматта турган 3 жарым жыл ичинде 10 келишим түзүлгөнүн, анын алгачкысында өлкө башчысы сапарга барганын айтты.

-Келишимдердин эң негизгиси жарандарды коргоо болгон. Жеке жана юридикалык жактар боюнча келишимге кол койдук. БАЭде ар кандай адамдар, анын ичинде кылмыш ишин аткарып, качып жүргөндөр да болгон. Бирок Араб эмирлиги кылмышкерлерди оңой менен башка мамлекетке өткөрүп бербейт, бирок муну биз жөнгө салдык.

Элчи башында БАЭде 70тен ашык кыргыз түрмөдө болгонун, 3 жылдын ичинде алардын экөөсү эле калганын айтты. Калгандары Кыргызстанга которулуп же болбосо боштондукка чыккан. Калган экөөнүн бирөөсү баңгизат саткан жаранды өлүмгө тартып, же өмүр бою эркинен ажыратмак. Бирок башкы консулдуктун кийлигишүүсү менен ал 25 жылга кесилген.

Эскерте кетсек, Кубанычбек Өмүралиев 2012-2015-жылдары Кыргызстандын Бириккен Араб Эмирлигинде башкы консул болуп турган.

 

Copyright © 2017 Maral FM