Марал Радиосу

Бишкектеги турак үйдөн чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү

Бишкектеги турак үйдөн чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Тилсиз жоо турак үйдүн болжол менен 420 чарчы метр аянтын жалмаган.
Кырсыктын кесепетинен жабыркагандар жана каза болгондор жок.

Учурда өрттүн себеби такталууда.

Эске салсак,  бүгүн 15-мартта саат 12:00 чамасында Бишкектеги Дэн Сяопин-Алыкулов көчөлөрүнүн кесилишиндеги үйдөн өрт чыгып, 1 турак үй, 1 жүк ташуучу унаа толугу менен, жакын жайгашкан дагы 2 үйдүн чатыры күйүп кеткен.