Биз менен байланышыңыз

Чемпиондор Лигасынын чейрек финалындагы атаандаштар белгилүү болду

Кыска кабар , Спорт | 15 Мар 2019 | 817 | 1

Чемпиондор лигасынын чейрек финалында ойной турган жуптар белгилүү болду. Клубдарга ташталган чүчүкулак бүгүн, 15-мартта УЕФАнын Ньонадагы баш кеңсесинде орун алды.

Ага ылайык, Нидерландиянын “Аякс”, италиялык “Ювентус” менен беттешсе англиялык “Ливерпуль”  Португалиянын “Порту” клубуна каршы оюн өткөрөт. Ошондой эле “Тоттенхем”-“Манчестер сити” жана англиялык дагы бир клуб “Манчестер Юнайтед” менен испаниялык “Барселона” беттештери орун алат.

Чейрек финалдык оюндар 9-10-апрелде жана ушул айдын 16-17синде өтөт. Жарым финалдык беттештер 30-апрель жана 1-май күндөрү орун алат.

Ал эми финалдык оюн 1-июнда Мадриддеги «Ваньда Метрополитано» стадионунда өтөт.

Copyright © 2017 Maral FM