Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-тажик чек арасында учурда абал туруктуу, жол жабык

Кыска кабар | 15 Мар 2019 | 567 | 0

Кыргыз-тажик чек арасында учурда абал туруктуу. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Ушул чакта чыр чыккан жерде адамдардын топтолгону байкалбайт. Укук коргоо органдарынын кызматкерлери менен бирдикте чек арачылар калк арасында  түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат.

14-15-мартта  «Дача» аймагында эки тараптуу жолугушуулар болуп, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын жөнгө салуу иштери боюнча маселелер талкууга алынган. Ошондой эле Исфара-Ворух жана Баткен-Лейлек жолдорун ачуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Азыркы учурда Баткен районундагы Аксай айылындагы абал менен таанышуу үчүн Жогорку Кеңешти депутаттары барып, ал жердеги абалды стабилдүү деп баалашты. Жогорку Кеңештен барган депутаттар учурда жергиликтүү тургундар менен жолугушууларды жүргүзүп жатышат.

 

Copyright © 2017 Maral FM