Марал Радиосу

Ош: 640 миң сомдук кургатылган жемиш мыйзамсыз кирген

Ош облусунда кургатылган жемиштерди мыйзамсыз ташыган факт катталды. Бул тууралуу Бажы кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык Баткен-Ош жолунан Мерседес-Бенц 311 Спринтер унаасы кармалып, андан 160 куту, башкача айтканда 2 миң 80 кг мейиз, 6 кап тазаланган бадам (252кг) табылган.

Ошондой эле TAJCOLOR PINK соода маркасындагы 60 килограмм жыт берүүчү тамак аш кошулмасы табылган.

Кургатылган жемиштердин жалпы суммасы 640, 6 миң сомго бааланып жатат.

Учурда аталган ишке тиешелүү материалдар Ош облустук прокуратурасына өткөүлүп берилди.