Марал Радиосу

Көк-бөрү боюнча республикалык турнир башталды

Бүгүн, 15-мартта Ак-Кула ат майданында Нооруз майрамына карата»Нооруз 2019″ аталышындагы көк-бөрү боюнча республикалык турнир башталды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги билдирди.

Көк-бөрү оюунун биринчи лигасынан 16 команда өтсө, жогорку лигага 6 команда өттү.

Ошондой эле турнирдин алкагында эр эниш, ат чабыш улуттук оюндардан да жарыш болот.

Улуттук Спорттук ат оюндарынын байге фонду 1 миллион 450 миң сомду түзөт.

Эске салсак, көк-бөрү боюнча турнир 21- мартка чейин уланат. Жогорку лигинын оюндары 17-марттан башталат.