Марал Радиосу

Кашкар Жунушалиев кыргыз-тажик чек арасына барды

Бүгүн, 15-мартта Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Баткендин Ак-Сай айылына барды. Аны менен кошо ИИМдин райондук, шаардык башкармалыктарынын курамы жана жетекчилери барды. Бул тууралуу ИИМден кабарлашты.

Анда министр чек арадагы кырдаалды жөнгө салуу, жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу боючна жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жыйын өткөрдү. Ошондой эле, жарандар арасында түшүндүрүү иштерин жургүзүүнү, көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берүүнү тапшырды.

Мамлекеттик чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасындагы абал салыштырмалуу туруктуу экенин бүгүн кабарлады. Эки тараптуу жолугушуу бүгүн, 15-мартта да уланат.