Марал Радиосу

«Өнүгүү-Прогресс» фракциясы билим берүүнү талкуулайт

«Өнүгүү-Прогресс» фракциясы бүгүн улуттук стратегиянын алкагында билим берүү жана илим министрлигинин аткарып жаткан иштерин талкуулайт. Бул тууралуу парламенттен кабарлашты.

Жыйында мындан тышкары, 1992-2000-жылдары берилген мамлекеттик зайымдык каражаттар боюнча карыздарды жөнгө салуу тууралуу мыйзам долбоору каралат.

Муну менен катар “Айыл Банк” иштеп чыккан “лизинг схемалары боюнча сүт жана эт багытындагы уйларды фермерлердин сатып алуусуна багытталган, “асыл тукум малдын лизинги” жаңы лизинг продуктусу тууралуу маалымат угулат.