Марал Радиосу

Кыргыз-тажик чек арасы күчөтүлгөн тартипте кайтарылууда

Баткен областынын чек арадагы аймактары күчөтүлгөн тартипте кайтарылууда. Кырдаал салыштырмалуу туруктуу. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук менен иштөө бөлүмү кабарлайт.

Мамлекеттик Чек ара Кызматынын башчысы Уларбек Шаршеев учурда Баткен областында, окуя болгон аймакта жүрөт. Ал тажикстандык коллегасы менен жолугат.

“Таш-Тушмук айылында Кыргызстандын жаранынын 1 турак үй (эч ким жашабаган), Аudi маркасындагы унаа жана КАМАЗ унаасынын чиркегичи күйгөн.

Өрттү өчүрүүгө келген Өрт өчрүүчү унааны жолду жапкан тажик жарандары өткөрбөй коюшкан.