Марал Радиосу

Айжигитов: Бизде Тажикстанга таасир кыла турган рычагдар көп

Кыргыз-тажык чек арасындагы маселелерди чечүүдө эч кандай түйшүк жок. Болгону эрк керек. Мындай пикирин Баткен облусунун мурунку губернатору Султанбай Айжигитов “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, чыр чыккан аймакта жергиликтүү бийликтин күч жагынан эч кандай таасири жок.

Чыр-чатактын алдын алуу үчүн социалдык, экономкалык маселелерди чечүү зарыл. Ал үчүн чек арага жакын жайгашкан тургундарга үстөк пайызы жок насыяларды бериш керек.

«Аксай айылында эл көп жашаса да турак жайларынын документтери жок. Өкмөт каражат бөлүп, алардын үйлөрүнүн документтерин бүтүрүп берүүсү абзел. Бизде Тажикстанга таасир кыла турган рычагар көп. Алсак суу, жайыт жана башкаларыбыз бар. Бирок тажик тарап муну түшүнбөй жатат. Мындан сырткары, биз убагында Аксай айыл өкмөтүнүн өнүгүү программасын иштеп чыкканбыз, Өкмөт бул маселеге да көңүл бурушу зарыл«, — дейт Айжигитов.

Белгилей кетсек, 13-марта Баткен районунун Төрт –Көчө аймагында Аксай айылынын жашоочулары менен Тажикстандын Мехнатабад айылынын жашоочуларнын ортосунда кайрадан жаңжал чыгып, Кыргызстандын бир жараны жаракат алып, ооруканага жеткирилген.