Марал Радиосу

Айдарбеков Тажикстандын Тышкы иштер министри менен телефон аркылуу сүйлөштү

Бүгүн, 14-мартта Тышкы иштер министри Чынгыз Айдарбеков менен Тажикстандын Тышкы иштер министри Сироджиддин Мухриддин менен телефон аркылуу кошумча сүйлөшүү болду. Бул тууралуу Тышкы иштер министиринин маалымат кызматынан кабарлашты.

Сүлөшүүдө кыргыз-тажик чек арасындагы маселелерди чечүү боюнча алдыдагы бирдиктүү кадамдар боюнча сүйлөшүп, биргелиекте чечим чыгаруу үчүн түз байланышта болуп турууну макулдашышты.

Эске салсак, 13-мартта Баткен районунун Тажикстан менен чектешкен аймагында жаңжал чыгып, таш ыргытып, ок чыгарууга чейин барышкан. Жыйынтыгында Кыргызстандын бир жараны жаракат алып, бир үй жана бир Аudi  үлгүсүндөгү унаа өрттөлгөн.