Марал Радиосу

Бүгүн аймактардан келген 40 кыз кызыл килемден өтүшөт

Бишкекте «Кырк кыз» долбоору башталды. Аталган долбоордун негизги максаты- чыныгы кыргыз кызынын нукура жүзүн, кыз кишиге тиешелүү баалуулуктарды   коомчулукка көрсөтүү. Ал эми катышуучулар аймактардан тандалып алынган 17-25 жаштагы 40 кыз.

Сынактын биринчи кунундо  кыздар «Кыргызтест» мекемесине барып, эне тили боюнча өз билимин онлайын турундо  текшерди.

Ал эми экинчи этабы  12-мартта «Супара» этнокомплексинде өтүп, анда кыздар камыр жууруп, кесме кесишсе, ошол эле күнү түштөн кийин жаа атуу боюнча сынактан өтүштү.

Бүгүн 14-март күнү Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында катышуучулар улуттук кийим менен кызыл килемден өтүп, сынактын жыйынтыгы чыгарылат.

Уюштуруучулардын айтымында, катышуучулардын арасынан мыктылар тандалып, белектер берилет.