Марал Радиосу

Экс-мэрлердин соту уланат

Бишкек шаарынын экс-мэрлери Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун кылмыш иштери бириктирилип, башталган соттук отурум бүгүн уланат. Бул тууралуу Жогорку Соттун маалымат кызматы кабарлады.

6-мартта Кубанычбек Касымбековдун судьялыгы менен башталган соттук отурумда экс-мэрлердин ишине байланыштуу дагы 12 кишиге айып коюлган. 14 айыпталуучунун айрымдарынын жактоочулары келбей калганына байланыштуу соттук териштирүү иштери бүгүнкү 13-мартка жылдырылган.

Өткөн аптада экс-мэрлердин жактоочусу Сергей Слесарев жана башка юристтер сот иши жүргөн имараттын тардыгын, иштөөгө шарттын жоктугун, соттук процедуралардын бузулушун айтып даттанышкан болчу.

Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимов «Калыс-Ордо» конушундагы мектептин курулушу боюнча коррупциялык ишке айыпталууда. Ошондуктан алардын иши бириктирилген.

Бишкектин Ленин райондук сотундагы отурумда журналисттер, айыпталуучулардын туугандары жана жакындары киргизилбей, видео жана сүрөт тартууга да тыюу салынган эле.