Марал Радиосу

Омуралиев Кубанычбек Түркияга элчи болду

Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Омуралиев Кубанычбек  мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргызстандын Түркиядагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалымат кызматынан кабарлашты.

Эске салсак, Омуралиев Кубанычбек буга чейин Кыргызстандын Белорусиядагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болгон.