Марал Радиосу

Максатбек ажы Токтомушев Москва Ислам Университетинин ректорун кабыл алды

Бүгүн, 12-мартта Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Орусия Федерациясынын мусулмандар дин башкармасынын төрагасынын биринчи орун басары,   Москва Ислам Университетинин ректору Мухетдинов Дамир Ваисович менен жолугушту. Бул тууралуу Муфтияттан билдиришти.

Эки тараптуу жолугушууда имамдардын билим деңгээлин жогорулатуу, дин башкармалыктар ортосундагы тажрыйба алмашууну бекемдөө жана достук мамилелерди мындан дагы жакшыртуу жаатында сүйлөшүштү.

Ал эми Орусия Федерациясынын мусулмандар дин башкармасынын төрагасынын биринчи орун басары 1-сентябрдан 1-октябрга чейин Москва шаарында маанилүү иш чаралар өтө тургандыгын айтып, эки тараптуу кызматташуу жакшыра бере тургандыгын билдирди.