Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков Лилия Бурунчукту кабыл алды

Кыска кабар | 12 Мар 2019 | 496 | 0

Бүгүн, 12-мартта Президент Сооронбай Жээнбеков Дүйнөлүк банктын Борбор Азия өлкөлөрү боюнча регионалдык директору Лилия Бурунчукту кабыл алды. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалымат кызматынан маалымдашты.

Кыргызстандын Дүйнөлүк банк менен 2019-2022-жылдарга өнөктөштүгүнүн алкактык программасынын алкагындагы кызматташтыгы маселелери талкууланды.

Дүйнөлүк банктын Борбор Азия өлкөлөрү боюнча регионалдык директору Лилия Бурунчук Кыргызстан менен Дүйнөлүк банктын өнөктөштүгүнүн жаңы стратегиясы өлкөнүн стратегиялык документтеринде белгиленген негизги приоритеттерди эске алуу  менен даярдалганын, анда региондорду жана аймактарды өнүктүрүүгө артыкчылык берилээрин белгиледи.

«Дүйнөлүк банк өнөктөштүктүн жаңы стратегиясынын алкагында  Кыргызстандын региондорун өнүктүрүү боюнча жаңы долбоор даярдап жатат. Региондордун базалык көрсөткүчтөрүн  аныкташ үчүн регионалдык талдоо жүргүзүлдү. Биринчи баскычта биз республиканын Ош жана Баткен облустарын өнүктүрүүнү көңүл борборунда кармасак деген ниеттебиз. Экинчи этапта долбоор өлкөнүн калган региондорун камтыйт» ,— деп баса белгиледи Лилия Бурунчук.

Президент Сооронбай Жээнбеков жана Дүйнөлүк банктын Борбор Азия өлкөлөрү боюнча регионалдык директору Лилия Бурунчук мамлекеттик сатып алуулар системасын реформалоо, регионалдык инфраструктураны өнүктүрүү жана жакшыртуу, мамлекеттин турмушуна санариптик технологияларды киргизүү, өлкө калкын иче турган таза суу менен камсыз кылуу, өлкөнүн финансы секторун жакшыртуу, ошондой эле энергетиканы өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

Copyright © 2017 Maral FM