Марал Радиосу

2018-жылы жолдорду реконструкциялоодо 815 дарак кыйылган

Борбор калаадагы жолдорду реконструкциялоону ишке ашырууда 2018-жылы 815 дарак кыйылган. Бул тууралуу бүгүн, 12- мартта Бишкек шаардык кеңешинин тармактык комитетинин жыйыныда «Бишкек жашыл чарбанын» директору Эльнура Жолдошова билдирди.

2018-жылы жалпы 2500 дарактын кыйылуусу пландалган. Өткөн жылы 1521 дарак кыйылган, ошол эле учурда жолдорду реконструкциялоону ишке ашырууда 815 дарак кыйылды,”— деди Жолдошова.