Марал Радиосу

Экс-президенттердин кол тийбеситигин алуу демилгеси 3-окууда жактырылды

Жогорку Кеӊештин конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелери боюнча комитети экс-президенттердин кол тийбестик статусун алып салуу демилгесин талкуулап, мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматынан кабарлашты.

Мыйзам долбоорунун демилгечилери – Жогорку Кеӊештин депутаттары Курманкул Зулушев менен Исхак Масалиев.

Демилгечилердин маалыматына караганда, жаңы Конституцияда президент адам укуктарынын жана эркиндиктеринин кепилдиги катары чыкпайт. Анын үй-бүлөсүн мамлекеттик камсыздоо жөнүндө ченем да жок.

Мындай мыйзам кабыл алынса, ал бардык экс-президенттерге карата бирдей колдонула турганы белгилүү болду. Ошондой эле экс-президенттер өзүнүн ыйгарым укуктарын аткарган мезгилде кылмыш жасап, соттун өкүмү күчүнө кире турган болсо, анда аларга каралган баардык мамлекеттик артыкчылыктар жокко чыгарылат.