Марал Радиосу

Болсунбек Казаков үй камагына чыгарылды

Мамлекеттик мүлк фондунун мурдагы төрагасы Болсунбек Казаков үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматы «Маралга» билдирди.

Соттук отурум бүгүн, 12-мартта Биринчи Май райондук сотунда болуп, анда Казаковдун жактоочусу анын ооруп жатканына байланыштуу жаза өтөөнүн шартын жумшартууну өтүнгөн.

Айрым жагдайларды эске алуу менен сот анын жаза өтөө формасын жумшартып үй камагына чыгаруу боюнча баш коргоо чарасын өзгөрттү. Бирок бул боюнча соттук отурум 15-мартта кайрадан улантыла турган болду.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун мурдагы төрагасы Болсунбек Казаков 2018-жылдын 10-апрелинде кармалган. Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) жана 307-беренеси (“Лицензиялык уруксат берилген ишти жүзөгө ашырууда кызмат абалын мыйзамсыз пайдалануу”) менен кылмыш иши козголгон.

Бул берене боюнча анын ошол кездеги орун басары Бакытбек Мураталиев да кармалган.

Exit mobile version