Марал Радиосу

Нуржигит Кадырбеков министрдин орун басары болду

Нуржигит Кадырбеков Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттөн маалымдашты.

Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Буга чейин Айнура Султанбаева башка жумушка өткөндүгүнө байланыштуу орун басарлык кызматтан алынгандыгы кабарланган.

Кошумчалай кетсек, Нуржигит Кадырбеков буга чейин “Ыйман” фондун жетектеп турган.