Марал Радиосу

«Кыргызалтын» ишканасы холдинг болгону жатат

«Кыргызалтын» ачык акционердик коому холдинг болуп кйра түзүлөт. Бул тууралуу «Кыргызалтын» мекемесинен Маралга кабарлады.

Акционердик коом өзүнүн стратегиялык өнүгүүсүнө байланыштуу холдингдик курамы бар компанияга айланып, учурдагы өндүрүштүк ишкананын ордуна кайра түзүлөт.

Компаниядан билдиргендей, холдингдин алдыдагы башкы ишмердүүлүк багыты пайдалуу кендерин чалгындоо, изилдөө жана баалоо, аларды өздөштүрүү үчүн кендердин базасында биргелешкен ишканаларды түзүүгө даярдоо болушу зарыл.