Марал Радиосу

Москвада кыргызстандык таксист эки мекендешин сүзгөн

Орусиянын Москва шаарында кыргызстандык таксист коюп кетип каза тапкан эки киши тең Кыргызстандын жарандары экендиги аныкталды. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги билдирди.

Жол кырсыгы 8-март күнү эртең менен болгон. Анда айдоочу рулга ээ боло албай калып, электр мамысын сүзгөн. Анда каза болгондордун бири 28, экинчиси 30 жашта болгон. Мекендештердин сөөгү бүгүн, 12-мартта Кыргызстанга жиберилет.

Окуя боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери  жүрүүдө. Элчилик ишти өз көзөмөлүнө алды.