Марал Радиосу

Момункулов: «Коопсуз шаар» эски система менен иштеп жатат

“Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында замандын талдабына ылайык техникалар коюлса жакшы болмок. Азыр андай эмес. Бул тууралуу Инвестицияларды өнүктүрүү агенттигинин мурунку жетекчиси Эсен Момункулов “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, «Коопсуз шаар» долбоору эски система менен иштеп жатат.

«Айып пулдар дагы эле айдоочулардын даргегине толук жетпей жатат. Биздин «Акылдуу шаар» долбоорубузда компьютер каттарды өзү жеткирмек. Ал долбоордо каралган камералар кылмышкерлерди да кармамак. Азыркылар кармай алабы билбейм. Андыктан «Коопсуз шаар» «Акылдуу шаар» караганда жакшы же жаман деп айта албайм. Ар бир Өкмөт аракет кылат, жасай албаса элдин ишенимин жоготот», — дейт Момункулов.

Ал «Акылдуу шаар» долбоорун ишке ашыруу боюнча Кытайдын Huawei байланыш компаниясы менен түзүлгөн келишим мурунку премьер-министр Сапар Исаковдун, ал жетектеген Өкмөттүн чечими менен жокко чыгарылганын белгиледи.

«Бул жерде саясат да, бюрократиялык «унаанын» жай иштеши да бар. «Акылдуу шаар» долбоору ишке ашканда балким азыркыга караганда жакшы иштемек. Анткени инвестор 60 млн долларлык каражат киргизем деген болчу. Мен мурдагы өкмөт башчыга бир барак кеңеш менен кирип, экономикада Өкмөттүн катышуусу аз болуусу керектигин айткам. Мисалы, бийликтин завод курам дегени туура эмес. Мындай нерселерди эл кылышы керек. Мамлекет болгону шарт түзүп бериши зарыл. Менин идеяларымды ишке ашырууга жетишпей калдык», -дейт Момункулов.

Ал буга кошумча Сапар Исаков менен жеке мамиледе болбогонун айтып, анын иши боюнча учурда тергөө иштери жүрүп жаткандыктан бир нерсе деп айтуу кыйын экенин белгиледи.