Биз менен байланышыңыз

Футзал: Суперлиганын кезектеги турунда лидер жеңилди

Кыска кабар , Спорт | 11 Мар 2019 | 578 | 0

8-10-мартта Арча-Бешик конушундагы Газпром ден соолукту чыңдоо борборунда футзал боюнча суперлиганын кезектеги туру өттү.

Бул турда Ысык-Көлдүн Мурас командасы үч беттештен 9 упай чогултту. Ысык-Көлдүктөр суперлиганын чемпиону, Оштун ЕРЕМ командасын 2-1 эсебинде утуп алды.

Ал эми машыктруучу Марата Дуванаевдин балдары, “Жакшылык-Илбирс” командасы үч беттешин тең утулуп калды.

Бул турдагы беттештердин жыйынтыгына көз салсак: “Мурас” – “Баткен” – 5:4 (4:0), “Жакшылык-Илбирс”  –  “Жаш-Муун” – 3:6 (2:4), “Алай” – “EREM” – 2:5 (1:2),  “Алай” – “Баткен” – 2:3 (2:3), “Жакшылык-Илбирс” – “EREM” – 0:10 (0:6), “Мурас” – “Жаш-Муун” – 4:2 (0:1), “Жакшылык-Илбирс” – “Баткен” – 0:3 (0:1), “Алай” – “Жаш-Муун” – 3:5 (1:1) жана “Мурас” – “EREM” – 2:1 (1:1) эсептер катталды.

Эми бир турдан кийин плей-офф сериялары башталат.

Copyright © 2017 Maral FM