Марал Радиосу

БУУнун баш катчысы Эфиопиядагы авиакырсык боюнча көңүл айтты

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антониу Гутерреш Ethiopian Airlines учагы кыйраганда каза болгондорго, анын ичинде БУУнун кызматкерлеринин кайтыш болгонуна байланыштуу көңүл айтты.

Бул тууралуу баш катчынын пресс-секретары Стефана Дюжаррик билдиргенин РИА новости жазды.

“Антониу Гутерреш Аддис-Абебадагы авиакырсыктан адамдардын каза болгонун кабыргасы кайышып кабыл алган. Баш катчы ошондой эле, каза болгондорго, анын ичинде БУУнун кызматкерлеринин кайтыш болгонуна байланыштуу алардын үй-бүлөсүнө, ошондой эле Эфиопия Өкмөтүнө жана элине терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза-кайгысын тең бөлүшөт”, — деп айтылат маалыматта.

Дюжаррик бул каргашада набыт болгон БУУнун өкүлдөрүнүн чоо-жайын билүү үчүн БУУ эфиопия бийлиги менен байланышта болуп, алар менен тыгыз кызматташып жатат, деп билдирет.

Boeing 737 Max 8 жүргүнчү учагы Эфиопиядагы Дэбрэ-Зэйт шаарынын жанында кыйроого учурап, ичиндеги бардык жүргүнчү, учкучтар каза тапкан. Бортто 149 жүргүнчү жана экипаждын 8 мүчөсү болгон. Набыт кеткендердин арасында 35 мамлекеттин анын ичинде Орусия, Кытай өлкөлөрүнүн өкүлдөрү бар экени айтылат.