Марал Радиосу

Алжир президенти шайлоого катышуу үчүн Швейцариядан кайтты

Алжир лидери Абдулазиз Бутефлика президенттик шайлоо үчүн Швейцарияда дарыланып жаткан жеринен үйүнө кайтты. Бул тууралуу Алжирдин An-Nahar телеканалы маалымдады.

82-жаштагы Бутефлика бешинчи президент болуу аракетинде. Бирок бир катар эксперттер анын ден-соолугуна байланыштуу тынчсызданып жатышат. Ал 2013-жылы инсуль болуп, Францияда дарыланган. Андан бери майыптык коляска менен жүрөт.

Февралдын соңунда Алжир лидери медициналык экспертиза үчүн Женевадагы клиникалардын бири жөнөп кеткени айтылган.

Ал арада Алжирде 22-февралдан бери Бутефликаны ден соолугуна байланыштуу президенттик шайлоодон четтетүүнү талап кылган массалык нааразылыктар  токтобой жатат. Алар Бутефликанын өлкөнү натыйжалуу башкарышына күмөн санашууда.