Марал Радиосу

Шанхай кызматташтык уюмунун марафону Ысык-Көлдө өтөт

Шанхай кызматташтык уюмунун марафону 11-майда Ысык-Көл облусунда өтөт. Марафон Чолпон-Ата ат майданында саат 9:00до башталат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Эл аралык марафонду өткөрүү үчүн мамлекеттен 10 млн сомдон ашык каражат бөлүнөт. Бул марафонго 3 миң спортчунун жана спорт сүйүүчүлөрүнүн катышуусу күтүлүүдө. Алардын арасында ШКУнун мүчө мамлекеттеринин алдыңкы спортчулары жана Кыргызстандын жеңил атлетика боюнча курама командасынын спортчулары катышат.

Марафондун жалпы байге фонду 1 млн 918 миң сомду түзөт. Абсолюттук жаш курак категориясында марафон (кыз-келиндер жана эркектер арасында): 1-орунга – 210 миң сом. Абсолюттук жаш курак категориясында жарым марафон (кыз-келиндер жана эркектер арасында): 1-орунга – 70 миң сом. Башка категориялар дагы баалуу белектер менен сыйланышат.

Мындан сырткары Сатымкул Жуманазаровдун жана Ирина Богачеванын рекордун жаңырткан жөө күлүктөр кошумча 3 миң  доллар менен сыйланышат.

Эске салсак, 27 мамлекеттен 14 миң адам катышкан 2017-жылкы ШКУнун Куньмин марафонунда кыргыз спортчусу Адилет Кыштакбеков алтын медалдын ээси болгон. 2018-жылы жеңил атлетчи Дарья Маслова коло медаль алган.