Марал Радиосу

АЛТЫН КОЛДОР

Улан Асаналиев

Апам ар дайым сүткө жууруп нан бышырар эле. Өзгөчө жайлоодогу жайкы саратандын ысыгын кошо куйкалаган ысык мештин үстүндөгү ысык нандын даамы али да таңдайда турат. Кээде тоонун көк пиязын да кошуп коёр эле апам. Чатырдын бир капталын түрүп коюп, мешке жаңы кыркылган арча менен карагайдын чегедектеринен алоолонто улам жагып, аккан терин аарчыганга шайы келбей күйпөлөктөгөн апамдын колунан мен да эчак бөлүнгөмүн. Ал күн көз алдымда тартылган балалыктын керемет сүрөтү шекил жашап калганы болбосо, азыр жайлоого барбай калдым. Барсам да ал көрүнүштү табамбы, таппаймбы? Андагы ысык нандын даамын сеземби, сезбеймби?

Ал жылдары ошол таттуу токочтун ээси менин апам эле. Ал эми азыр мен өзүм ошол токоч сыяктуу турмуштун мешинде бышып турам. Мени кудум апамдай күйпөлөктөп бышырып жаткан бул- ТУРМУШ… Мүмкүн менин экинчи апам десем туура болор. Атаңгөрү ай, бирок турмуш энедей мээримдүү болобу десең? Биз адамдар ар кандай нерселер менен алек болуп жүрүп, кээде эң жөнөкөй турмуш чындыктарын байкабай, көп жаңылат окшойбуз. Көрсө, жашоодо биз колдонуп, жеп жаткан нерселер да кээде турмуштук зор сабактарды шыбырап турат экен. Алардын бири биз күн сайын жеп жаткан — Нан. Нанды кармаган сайын ушуну эстейм. Баягы апамдын колундагы ысык, таттуу токоч боло албай жатканым үчүн го мүмкүн.

Кызыгы, адамдын да нан сыяктуу бышкан кези болот тура. Жалпылай нан деп айтылган менен ар бир токочтун даамы, формасы ар кандай болгон сыяктуу адамдар да турмуштан ар кандай болуп бышат. Ал эми нан бышканга чейин канча адамдын колунан өтсө, адам да турмушта колдон-колго өтүп олтуруп адам болорун, адамга- адамдар, коом зор таасир берээрин илим да саймедирелеп түшүндүрүп келет. А мен мына ошол нан менен адам бышырган колдор жөнүндө айткым келип турат.

Нандын тагдыры… Алгач үрөөндүк дан. Керилген буудай аңыз. Кеч күздөгү саргарган талаа, сапырылган эгин. Күжүлдөп иштеген тегирмен. Упаранган ун. Элеген элек, жуурган кол, салынган калып, бышырган меш. Бышкан нан.

Ал эми адам тагдыры… Бир клетка. Эненин жатыны. Толгонгон тогуз ай, томук сыздаган тогуз толгоо. Төрөлүү. Тарбия. Турмушка аттануу. Кагылуу, согулуу, жетилүү. Өз жолун табуу. Чыныгы адам болуу.

Дан үчүн эң биринчи дыйкандын, адам үчүн эң биринчи эненин колу маанилүү. Ал эми буудай бүкүлү болуп калбаш үчүн тегирмендин паралары кандай мааниге ээ болсо, адамдын адам болуп жетилүүсүнө турмуштун өзү кудум тегирмен сыяктуу. Анан соңунда майдаланган ун таттуу токоч болуш үчүн өз ишин мыкты билген ашпозчуга туш болгону кандай жакшы. Ал эми адам да өз жашоосуна багыт берген мыкты устатка шакирт болгон болсо, бул өмүрдүн майнаптуу өтүүсү эмеспи.

Мына колдордун таасири. Мына жөнөкөй колдордон өткөн жөнөкөй адам менен нандын тагдыры. Эгер ушул колдордун баары иш өндүрүмүндө өз ЖООПКЕРЧИЛИКтерин моюндаган болсо, кандай сонун. Бирок бардык учурда эле бардык колдор «ЖАШООДОГУ МААНИЛҮҮ ЖООПКЕРЧИЛИКТЕРДИ» биле бербеген үчүн чала бышкан же күйгөн, тузу кем, киши эмес ит жебеген токочтор сыяктуу адамдыгы жок, асылдыктан дээрлик куру-жалак болуп, тирүүнүн өлүгүнө айланган далай адам тагдырлары таштандыларда көгөрүүдө. Өлүүдө… Жок болууда…

А мен ар дайым сүт кошулуп жуурулуп, жайлоодогу ысык меште бышкан апамдын таттуу токочундай даамдуу болгум келет. Азыр турмуштун меши мени бышырып жатат. Мен болсо балдарыма кудум апам сыяктуу таттуу токоч жасоо менен алекмин…

Чыныгы эмгектен туурулуп, кесилип, жарылып кеткен апамдын алтын колдорун өмүрү эч нерсеге алмашпас элем!!!

 

Журналист Жазгүл Жамангулова

Exit mobile version