Марал Радиосу

Оор кылмышка шектелип качып жүргөн жаран Бишкекте колго түштү

Орусияда адам өлтүрүүгө тиешеси бар деген оор кылмышка шектелип качып жүргөн Оштун Өзгөн районунун 37 жаштагы тургуну кармалды. Ал изин жашырып жүргөн жеринен 7-мартта Бишкектен колго түшкөнүн Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Шектүү айрымдарды ур-токмокко алып ири өлчөмдөгү акчасын тартып алган деп да айыпталууда.

Маалыматка караганда, ал 26-январь күнү Өзгөн районунун Жылалды айылынын 33 жаштагы тургунун уруп, 90 миң сом акчасын тартып алып койгон. Бул факт 6-февралда Өзгөн райондук милициясынын кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жоруктар кодексинин 167-беренесинин (тоноо) негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Бул ишке тиешеси бар деген шек менен кармалган адам 2017-жылы 30-декабрда Москва шаарындагы “Алмаз” кафесинен кыргызстандык эки жаранды уурдап кетип, мыкаачылык менен өлтүрүүгө катышы бар деген шек менен издөөдө жүргөн. Москвадагы бул факт боюнча былтыр 3-январда Орусиянын Башкы тергөө органы ага издөө жарыяланган. Шектүү жаран Өзгөн райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.