Марал Радиосу

АКШнын эң улгайган парламентарийи каза болду

АКШнын өкүлдөр палатасынын эң улгайган мүчөсү Ральф Холл 95 жаш курагында дүйнө салды. Бул тууралуу Associated Press маалымат булагы бүгүн жазып чыкты.

Холл Техас штатындагы Рокволл шаарындагы өзүнүн үйүндө каза болгон. Парламентарийдин өлүмүнүн себептери айтылган эмес.

Ральф Холл 34 жылдык кызмат өтөөдөн соң 2014-жылы 91 жашында АКШнын өкүлдөр палатасынан кеткен. Холл палатада илим, космос жана технология комитетинин башчысы кызматын аркалаган. Ошондой эле космостук саясат маселелерин көзөмөлдөгөн.

Парламентарий 2004-жылга чейин демократ болгон, кийин республикачыл тарапка өткөн.